АШ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тоодон, ашуудан ж. б. ары өтүү, өтүп кетүү. Ашуусу бийик тоо ашты, Агыны катуу суу кечти («Эр Төштүк»). 2. Белгилүү бир чектен, өлчөмдөн ж. б. өтүү, андан ашык болуу. Арыктан аша жулкунуп, Агын суу жатат шаркырап (Нуркамал). Жыйырмадан жаңы ашкан Жигит эле эр жеткен (Бөкөнбаев). Эркин эмгек, кең билим кучагында Артылып аша берсин биздин таалай (Нуркамал).